Аксыда кызыл китепке кирген бугуну атып, жиликтеп жаткандар кармалды. Видео

1 ноября 2021 Аксыда кызыл китепке кирген бугуну атып, жиликтеп жаткандар кармалды. Видео

Маралды мыйзамсыз аткандарга 1 миллион сом айып салынат. Ал эми өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынан алынса айып пул эки эсеге өсөт.

ВИДЕО

Аксыдагы Туура-Арык участкасында жайгашкан Сары-Челек биосфералык коругунда бугуну атып, жиликтеп жаткандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Окуя кечээ, 31-октябрда, болгон.

"Мыйзам бузгандар Аксы районуна караштуу Аркыт айылынын төрт тургуну болуп чыкты. Алардын жанынан курал табылган жок. Жаныбардын башы, териси, эти далил катары алынды. Учурда кызыл китепке кирген жаныбарды мыйзамсыз атуу фактысы боюнча материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Марал — Борбор Азия аймагында кескин азайып кеткен жаныбар. Кыргызстанда кызыл китепке киргизилген. Маралды мыйзамсыз аткандарга 1 миллион сом айып салынат. Ал эми өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарынан алынса айып пул эки эсеге өсөт.

sputnik