Президент Садыр Жапаров Глазго шаарына конду

1 ноября 2021 Президент Садыр Жапаров Глазго шаарына конду

Президентти траптан Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алганы кабарланды.

Өлкө башчы Садыр Жапаров Улуу Британия Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

© ПРЕСС-СЛУЖБА ПРЕЗИДЕНТА КР / СУЛТАН ДОСАЛИЕВ

Өлкө башчы Садыр Жапаров Улуу Британия Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына иш сапары менен барды

Мамлекет башчынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды.

Эске салсак, Мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Ошондой эле, президент чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуулары пландалган.

sputnik