Талипдер Ооганстанда үйлөнүү үлпөт тойдо музыка коюлган үчүн атып салышты

1 ноября 2021 Талипдер Ооганстанда үйлөнүү үлпөт тойдо музыка коюлган үчүн атып салышты

Ооганстанда “Талибан” радикалдык кыймылынын мүчөлөрү үйлөнүү үлпөт тойго келип, ок чыгарышкан. Анда эки адам каза болду.

Кол салуу Нангархар провинциясындагы Шамшпур Мар Гунди айылында болгон. Кечинде тойдо музыка коюлган. Мындан улам талиптер кол салышкан. Жыйынтыгында эки адам каза болуп, ону жарадар болгон.

Радикалдык кыймылдын өкүлдөрү кол салуу фактысын ырастап, алар майрамдын катышуучуларына кол салышканын, экөө кармалганын айтышкан.