Окумуштуулар рак оорусун пайда кылуучу витаминдерди аташты

1 ноября 2021 Окумуштуулар рак оорусун пайда кылуучу витаминдерди аташты

Огайо университетинин окумуштуулары В6 жана В12 витаминдерин ашыкча колдонуу өпкөнүн рагына чалдыгуу коркунучун жогорулатарын айтышты.

Изилдөөнүн жүрүшүндө эксперттер 77 000 адамдан бул витаминдерди канчалык көп колдонот экени боюнча сурамжылоо жүргүзүшкөн жана акыркы он жылда алардын күнүмдүк рационундагы дозанын деңгээлин эске алышкан.

Алты жылдык изилдөөнүн натыйжасында В12 витамини 30% адамда өпкө оорусун пайда кылган, ал эми 40% адам  В6 витаминин ашыкча колдонору байкалган. Өзгөчө бул витаминдердин ашыкча дозасы эркектер үчүн өтө коркунучтуу. Күнүнө В12 витамининин 55 микрограммын кабыл алган эркектердин пневмонияга чалдыгып калуу ыктымалдыгы 98% түзөт. Бул В витаминин такыр ичпегендерге салыштырып чыгарылган жыйынтык.

Изилдөөнүн автору Теодор Браскинин айтымында, тамеки тартып, витаминдердин бул тобун колдонгондордун өпкө оорусуна чалдыгуу коркунучу үч-төрт эсе жогорулайт.

Кадимки дарыканаларда В6 таблетка түрүндө 100 миллиграммдан, ал эми В12 500-3000 микрограммдан сатылат. Алардын сунушталган суткалык дозасы биринчисинде 2 миллиграмм, экинчисинде 2,4 микрограмм.