Рейтингде жалпысынан 140 өлкө бар. Тизменин сап башына АКШ, Россия жана Кытай жайгашкан. Ал эми Борбор Азияда аскердик күчү боюнча Өзбекстан биринчиде турат.
Кыргызстандын армиясы дүйнөдө 93-орунга чыкты. Бул тууралуу Global Firepower сайтынын жаңыртылган рейтингинде жазылган.
Анда Кыргызстандын рейтинги жогорулаган белги турат, бирок канчанчы орундан өйдө көтөрүлгөнү жазылган эмес.
Жалпысынан тизмеге 140 өлкө кирген. Рейтингдин көч башында АКШ, Россия жана Кытай турат. Андан кийин Индия менен Япония жайгашкан.
Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен аскердик күчү боюнча Өзбекстан биринчиде турат. Ал эми жалпы тизме төмөнкүдөй:
Өзбекстан 51-орунда;
Казакстан - 61;
Түркмөнстан - 86;
Кыргызстан - 93;
Тажикстан - 99.
Global Firepower индекси болжол менен 50 фактыны эске алуу менен түзүлөт. Анын ичинде аскерге жарамдуулардын саны, мамлекеттин армияга бөлгөн каражаты, Аскер-аба жана деңиз күчтөрүнүн кубаттуулугу эске алынат.
Эске салсак, 3-сентябрда Россияда өткөн эл аралык "АрМИ-2021" танк биатлонунда кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундада жыйынтыктап чемпион аталган. Экинчи орунду Тажикстан (2:20:03), үчүнчүнү Мьянма (2:28:05), төртүнчүнү Түштүк Осетия (2:29:06) ээлеген.