Чогултулган материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эреже бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.
Ордо калаадагы кафелердин бириндеги массалык уулануу боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, чогултулган материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 280-беренеси ("Санитардык-эпидемиологиялык эреже бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Тергөө, иликтөө иштери уланууда.
Белгилей кетсек, Бишкектеги кафелердин биринде тамакка уулангандардын саны 318ге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алар "Империя пиццы" кафесинин филиалдарынан суши-ролл жешкен.
Тамакка уулангандар 23-24-октябрь күндөрү ооруканага түшө баштаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке, 26-октябрда 179га жеткен.
Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.
Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.
Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.