Отургучтары жулунуп кеткен. Бишкекте кырсыктаган автобустун видеосу

29 октября 2021 Отургучтары жулунуп кеткен. Бишкекте кырсыктаган автобустун видеосу

Кырсыктан 15 адам жабыркаган. Алардын төртөө балдар. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатканы кабарланды.

ВИДЕО

Кадрдан автобустун маңдайкы айнеги, отургучтары жулунуп кеткенин көрүүгө болот. Тез жардам кызматынын маалыматы боюнча, кырсыктан 15 адам жабыркаган. Алардын төртөө балдар. Оор жаракат алгандар жок.

Бишкекте кырсыктаган автобус

Эске салсак, бүгүн, 29-октябрда, жүргүнчү ташыган автобус

Чыңгыз Айтматов проспектинде бакты сүзгөн. Патрулдук милициянын маалыматына караганда, автобус Киргизия-1 конушу жактан түштүктү көздөй баратып, айдоочу рулду башкара албай калгандыктан бакты сүзгөн.

Милиция жол кырсыктын чоо-жайын иликтеп, автобустун алдынан автоунаа чыгып калышы мүмкүндүгүн билдирди.

sputnik