Кыргызстанда статс-катчы кызматы жоюлду. Милдети кимге жүктөлөт

29 октября 2021 Кыргызстанда статс-катчы кызматы жоюлду. Милдети кимге жүктөлөт

Статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгында бул институттар натыйжалуулугун көрөсөтө алган эмес деген тыянак чыгарылган.

Мамлекеттик органдардагы статс-катчылар институту жоюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган кызмат "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" жаңы мыйзамдын негизинде жоюлган. Документке президент Садыр Жапаров кол койду.

"Статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгында бул институттар майнаптуулугун көрсөтө алган эмес деген тыянак чыгарылды. Бул кызмат мамлекеттик башкарууда эффективдүүлүктү көрсөткөн жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан улам анын милдеттери мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин орун басарларына жүктөлөт.

Статс-катчы деген ким экенин жана колунда кандай бийлик болгонун буга чейин Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуп алсаңыз болот.

sputnik