Милдеттүү эмдөө. Министрлик вакцина албагандарды эмне күтүп турганын айтты

29 октября 2021 Милдеттүү эмдөө. Министрлик вакцина албагандарды эмне күтүп турганын айтты

Жетекчинин айтымында, милдеттүү түрдө коронавирус, ошондой эле дифтерия жана столбняк илдетине каршы пландуу эмдөө жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлерди милдеттүү түрдө эмдөө боюнча түшүндүрмө берди.

Министрлер кабинети кечээ өкмөттүн 2001-жылдын 21-декабрындагы "Жугуштуу оорулардын иммундук профилактикасы жөнүндө" мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилген.

Эми маданият, эс алуу жана спорт тармагында (музейлер, көргөзмө залдар, китепканалар, спорт сарайларын, театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, маданият жана оюн-зоок мекемелери, балдар аянтчалары, балдар лагерлери, спорттук жана эс алуу борборлору, фитнес-клубдар) иштеген кызматкерлер милдеттүү түрдө эмдөө алышы зарыл.

"Биз маданият, эс алуу жана спорт тармагы үчүн эле эмес, башка тармакты да камтып кеңейтилген долбоорду жөнөттүк. Бирок тизмени этап менен кеңейтүү чечими кабыл алынды. Маданият министрлиги эмдөөнүн жүрүшүн көзөмөлдөп, эсеп жүргүзөт. Вакцина алгандардын тизмеси да Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан системага киргизилет. Эч ким жумушунан кетирилбейт. Анткени бул чөйрөдөгүлөр сыркоо адам менен көбүрөөк байланышта болгондуктан оору жугузуу кооптуулугу жогору болот. Жаңы камтылган тармактагылар да мугалим менен медиктер сыяктуу эле ыктыярдуу түрдө эмделет деп ишенем", — деди Ишенапысова.

Ал белгилегендей, иммундук профилактикада эмдөө албагандарга кандайдыр бир чара көрүү тууралуу пункт жок.

"Адам иштеген жерине жараша административдик чаралар көрүлүшү мүмкүн. Балким, алгач эмдөөнү каалабагандарга вакцинанын керектиги түшүндүрүлөр", — деди директор.

Ал ошондой эле дифтерия, столбнякка жана коронавируска каршы пландуу эмдөө жүрүп жатканын белгиледи.

sputnik