Жабырлануучунун милицияга жазган арызында окуя 2015-жылы болгону айтылат. Алты жылдан бери качып жүргөн шектүүлөрдүн бири милиция тарабынан колго түшкөн.
Бишкектин тургунунун ири суммадагы акчасын жана кымбат баадагы унаасын алып из жашырып кеткен адам кармалганын шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга А.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, алты жыл мурун алдап кеткен М.Э. жана А.Ч. аттуу адамдарга чара көрүүнү суранган.
Жабырлануучунун айтымында, шектүүлөр андан 21 миң доллар жана 36 миң долларлык Range Rover үлгүсүндөгү унаасын алып, ордуна Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан үйүн беребиз сүйлөшкөн. Бирок убадасын аткарбай из жашырып кетишкен.
2018-жылы жабырлануучунун арызынын негизинде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, иш быйыл Октябрь райондук милициясына өткөрүп берилген.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөлөрдүн жүрүшүндө 59 жаштагы М.Э. кармалып, Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилген. Анын шеригин кармоо боюнча тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканы айтылды.