Аялдардын санында да дүүлүктүрүүчү точкалар бар

29 октября 2021 Аялдардын санында да дүүлүктүрүүчү точкалар бар

Аялдар абдан назик жана сезимтал келип, төшөктө да өтө сезимтал болушат. Эгер аялдын сезим точкаларын өз убагында таппаса, анын каалоолору басылып калышы мүмкүн. А эгер каалабасаңыз, бул пункттарды табуу кыйын. Андыктан, эркектер аялдын эмнени каалап, эмнени каалабай турганын билип алганы жакшы. Төмөндө биз аялдын ырахат ойготкон точкаларга токтолобуз.

Өбүшүү

Аялдардын эң күчтүү сезимтал точкасы эрини болуп саналат. Назик аялзатынын бири жай өбүшкүсү келсе, экинчиси дароо эле эт-бетинен кетип өбүшкүсү келет. Өбүшүү аркылуу анын башка сезимдерди ойготууга болот. Эркектер жай кыймылдап, мыкты өбүшкөндү үйрөнүшү керек. Назик француз өбүшүүсү да аялдарга жагат. Мындайда тилди сүйүктүүңүздүн тилине тийгизип, сезимге бериле түшөсүз. Сиз жана сиздин өнөктөшүңүз бул аракеттен ырахат алат.

Кулактын жана моюндун айланасындагы точкалары

Кулак, моюн жана ийин – аялдарды толкундатуучу, дүүлүктүрүүчү жерлери. “Аял кулагы менен сүйөт” дегендей, ушул жерлерди өбүү аркылуу сезимди ойгото алган назик сөздөр менен да дүүлүктүрө аласыз. Бул жерлерди өпкөндө өздөрүн эрксиздей сезип, ырахат алып жатканын байкатышат. Мындан тышкары, моюн жана ийинди да айтып өтөлү. Моюндун сезгичтиги өтө жогору болот. Ушул аталган жерлерди болушунча өтө сезимталдык менен өпсөңүз, ийгиликтүү натыйжага жетесиз.

Көкүрөктүн сезимталдыгы

Аялдын көкүрөгүн аймалап өбүү эркектерге да өзгөчө сезим тартуулары белгилүү. Ал эми аялдар көкүрөктүн үрпүн өбүшүн каалашат. Көкүрөктү акырын кысып, сылап, үрпүн өбүү аялды ого бетер дүүлүктүрөт.

Аялдардын саны да сезүү точкаларынан турат. Өбүү учурунда аялдын санын сылап-сыйпалоо, жай ургулоо эрксиз сезимге бөлөйт. Бирок, кээ бир аялдардын бул жерлерин өпкөндө же сыйпалаганда кытыгысы келиши мүмкүн. Андыктан, абайлаңыз.