ТҮНДӨ ТЕРДӨӨ КАНДАЙ ООРУНУН БЕЛГИСИ?

29 октября 2021 ТҮНДӨ ТЕРДӨӨ КАНДАЙ ООРУНУН БЕЛГИСИ?

Түнкүсүн тердегенге көп маани бербейбиз. Бирок, бул тынчсызданууну жараткан маселе.

Адистердин айтымында, ар кандай дары-дармек ичкендер тердешет. Ошентсе да, дарысыз, калың жууркансыз тердегендерчи? Мунун себеби эмнеде? Тер кандай оорулардын алдын алышыбыз керектигин эскертет? Буга байланыштуу эндокринолог дарыгерлер эртең менен тердөөгө төмөнкү оорулар себеп болот дешет.

Гормоналдык өзгөрүүлөр

Аялдар этек кири келген учурда себепсиз тердешет. Албетте, бул убактылуу көрүнүш. Этек кири токтогондон кийин баары калыбына келиш керек. Ал эми тердөө улана берсе, анда гормонду текшерүү керек.

Дары-дармек ичүү

Кандайдыр бир дары ичип жатсаңыз да түнкүсүн тердейсиз. Негизи дени сак адам дары ичкенде тердебейт. Ошондуктан, дарыны жазып берген дарыгерге абалды айтуу керек. Себеби, ал дары бир жериңизге оң эткени менен, калган органдарга зыян болушу мүмкүн.

Жугуштуу оорулар

Организм инфекция менен күрөшүүдө вирустарды, бактерияларды чыгарып, дене табын көтөрөт. Бул учурда дене тердейт. Бирок, эч кандай жугуштуу оорубай эле тердесеңиз, анда бул онкологиялык, неврологиялык оорулар же инсульт коркунучу жаралып жатканынан кабар берет.

Кандагы канттын азайышы

Медицина тилинде гипогликемия деп аталат. Организмдеги канттын өлчөмү азайганда да адам тердей баштайт. Айрыкча инсулин кабыл алгандар менен кант диабети оорусунун дарысын үзбөй ичкендер түнү  менен тердеп чыгышат.

Иммундук система

Иммунитет алсыраганда адам тердей баштайт. Эгер түн ортосунда денеңиз суу болуп ойгонсоңуз, дароо иммунитетиңизди көтөрүүгө аракет кылыңыз. Өзүңүз билгендей, иммундук система алсыраганда организм оору менен күрөшүү жөндөмүн жоготот.