Вакцина алчуларды арбытуу үчүн бийлик эмдөө боюнча токтомго өзгөртүү киргизди

29 октября 2021 Вакцина алчуларды арбытуу үчүн бийлик эмдөө боюнча токтомго өзгөртүү киргизди

Жугуштуу илдеттер менен ооруп калуу кооптуулугу боюнча жана алдын алуу эмдөөлөрүн сөзсүз жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеси толукталды.

Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам эми маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер мындан ары эмдөөдөн, анын ичинде COVID-19га каршы эмдөөдөн өтөт. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Министрлер кабинети өкмөттүн 2001-жылы кабыл алынган "Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизген.

"Көрсөтүлгөн токтом аркылуу республика аймагында жугуштуу илдеттер менен ооруп калуу кооптуулугу боюнча жана аны алдын алуу үчүн эмдөөнү сөзсүз жүргүзүүнү талап кылган иштердин тизмеси бекитилген", — деп айтылган маалыматта.

Аталган тизме маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы иштер (музейлер, көргөзмө залдар, китепканалар, спорт сарайлары, театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, маданий жана оюн-зоок мекемелери, балдар оюн аянттары, балдар лагери, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоочу комплекстер, фитнес-клубдар) менен толукталган.

Министрлер кабинети тизмеге алгач инфекциялык ооруга чалдыккан бейтаптарды тейлөө боюнча жана билим берүү мекемелеринин бардык типтериндеги, түрлөрүндөгү иштер киргизилгенин белгилеген.

Учурда коронавирус инфекциясы менен ооругандар Кыргызстанда да кайрадан көбөйө баштады. Соңку статистикага таянсак, Кыргызстанда 124 кишиден коронавирус табылып, үч адам көз жумду.


sputnik