Дарыгер: Бишкектеги унаа сүзүп кеткендердин 80%ы телефон карап бараткандар

28 октября 2021 Дарыгер: Бишкектеги унаа сүзүп кеткендердин 80%ы телефон карап бараткандар

Дарыгер айдоочулардын да, жөө адамдардын да колунан телефон түшпөй калганын белгилеген. Өлкөдө күнүнө жол кырсыгынан эки адам көз жумары айтылды.

Бишкекте автоунаа сүзүп кетип жабыркаган же каза болгон жөө адамдардын 80 пайызы телефон карап баратып кырсыкка кабылат. Бул тууралуу Травматологиялык жана ортопедиялык илим изилдөө борборунун Тез жардам кызматы бөлүмүнүн травматологу Бекназар Жунусов Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн тегерек столдо билдирген.

"Биздин эң көйгөйлүү маселе бул — мобилдик телефон, кулакчындар. 70-80 пайызы телефон менен кулакчынга алаксып жол кырсыгына кабылууда. Бала жолдон өтүп баратканда биринчи автоунаа токтойт. Айдоочу караса баланын колунда телефон, анан кулакчын. Ошол маалда экинчи автоунаа келет дагы аны сүзүп кетет", — деди Жунусов.

Дарыгер ошол эле учурда айдоочулардын көбү дагы автоунаа башкарып бара жатып телефон колдонорун белгилеген.

"Буга чейин инспекторлор айып салчу, азыр андай жок. Айдоочу телефонду каалагандай колдонот. Баарын өзүбүз жасап жатабыз. Бүт баарынын колунан телефон түшпөйт. Басып баратса деле, автоунаада болсо да, жолдон өтөрдө деле колдорунда смартфон", — деген ал.

Тегерек столдо күнүнө Кыргызстанда эки адам жол кырсыгынан каза болору айтылган.

sputnik