Убарик кызы: инсультту алдын алуу үчүн акысыз текшерүүдөн өткөрөбүз

28 октября 2021 Убарик кызы: инсультту алдын алуу үчүн акысыз текшерүүдөн өткөрөбүз

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Жылдыз Убарик кызы Бишкекте инсультка каршы күрөшүү боюнча акция өтөрүн айтты.

Дүйнө жүзүндө бир жылда 15-17 миллион киши инсультка чалдыгат. Алардын үчтөн бири оорудан каза болуп калат. Бул тууралуу Жылдыз Убарик кызы билдирди.

Анын айтымында, инсультту башынан өткөргөн бейтаптардын 70-80 пайызы майып болуп калат.

"2021-жылдын 28-октябрында 11:00дөн 14:00гө чейин Иса Ахунбаев атындагы КММАнын башкы корпусунда "Инсультка каршы күрөшүү күнү" белгиленет. Бул күнү эл инсульттун алдын алуу боюнча невропатологдордон кеңеш алып жана ооруну аныктоо үчүн сурамжылоодон өтүшөт. Борбордун алдыңкы неврологдору профилактикалык текшерүүнү бекер жүргүзүшөт. Шаардыктардын кан басымын өлчөп, кандагы глюкозанын деңгээлин текшеришет жана дене салмагынын индексин аныкташат. Ошондой эле инсульттун өнүгүшүнүн себептери жөнүндө айтып беришет. Андан тышкары, дарыгерлерден кошумча суроолорго жооп алып жана невропатологдордун жеке консультациясынан өтсө болот. Кээ бир адамдар өзүнүн организминдеги өзгөрүүлөрдү билбей калышы мүмкүн. Аталган акция ооруну өз учурунда аныктоого шарт түзөт", — деди Убарик кызы.

Адис инсульттун кесепети өтө оор болорун эскертип, алдын алуу өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2006-жылдан бери ар бир жылдын 29-октябрында дүйнөдө "Инсультту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү күнү" белгиленип келет.

sputnik