Альцгеймер илдетинин белгилери адатта 45 жаштан тарта байкала баштары, адам турмушта өтө унутчаак болуп, маалыматтарды кабыл алышы кыйындары айтылып келет.
Коронавирус инфекциясы Альцгеймер оорусунун башталып кетишине себепкер болушу мүмкүн экендигин Пирогов атындагы Россиялык медициналык илим изилдөө боюнча университеттин Нейрогериатрия жана когнитивдик залалдар боюнча лабораториянын жетекчиси Элен Мхитаряндын айтканына таянып РИА Новости жазды.
"Эгерде бейтапта буга чейин азганактай гана өзгөрүүлөр байкалса, оорунун өрчүп кетишине түрткү болгон фактор жетиштүү. Мындай учурда коронавирус ошол фактордун кызматын аткарып калат... Америкада изилдөө жасалып, 2020-жылы 42 миң адам Альцгеймер илдетинен көз жумганы белгилүү болду. Бул жыл сайын кездешкен көрүнүштөн алда канча көп катталган. Аталган оору табылган бейтаптардын саны коронавирус доорунан кийин кескин түрдө, тагыраагы, эки эсеге өсүп кеткен", – деген Мхитарян "COVID-19дан соң адамдын кайрадан калыбына келиши. Оорудан кийинки реабилитацияны кантип туура жүргүзүү керек?" деп аталган жыйында.
Ал коронавирус Альцгеймер оорусун пайда кылбай тургандыгын, бирок аны ойгото турган факторлордон болуп калышы мүмкүндүгүн айткан. Мхитарян COVID-19дан кийин кишиде кандайдыр бир белгилер байкалса, токтоосуз дарыгерге кайрылуу зарылдыгын эскерткен.
Альцгеймер оорусу — эс тутумдун бузулушу, жүрүм-турумдун өзгөрүшү жана интеллектинин прогрессивдүү түрдө төмөндөшү менен мүнөздөлгөн борбордук нерв системасынын дегенеративдүү илдети.
Буга чейин дарыгер-психиатр Музурхат Курманалиев Альцгеймер илдетинин белгилерин санап берген.
Бул оорунун белгилери адатта 45 жаштан тарта байкала баштайт. Алсак, адамдын кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму өзгөрөт. Индивидуалдык сапаттар өтө курч, рельефтүү, даана көрүнөт. Мисалы, мурда активдүү, шаңдуу жүргөн адам оорудан улам андан бетер шайыр болуп калат. Көпчүлүктүн арасында тамашалашканда анысы башкаларга өөн, өтө орой болуп, иренжитип же уялтып коюшу мүмкүн. Айрым адамдар жаш кезинде лидер болсо, кийин кеп-сөзгө келбей калат. Бул нерсе жакын туугандарына мүнөзү бузулуп баштагандай көрүнөт. Бара-бара оору экени анык билине баштайт. Андан тышкары, эске тутуусу начарлайт. Адам турмушта өтө унутчаак болуп, маалыматтарды кабыл алышы кыйындары айтылган.