Манас Ниязов баштаган 23 көк бөрүчү эл аралык даражадагы спортчу болушту

28 октября 2021 Манас Ниязов баштаган 23 көк бөрүчү эл аралык даражадагы спортчу болушту

Эл аралык деңгээлдеги спорттук наам 23 улакчыга берилди. Алардын баары I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болушкан.

Үч жолу өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жеңүүчү болгон көк бөрүчүлөргө Кыргызстандын эл аралык даражадагы спорт чебери наамы ыйгарылды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Жалпысынан 23 балбан билек улакчы наамга татыган.

"Кыргызстандын Бирдиктүү спорттук классификациясынын талаптары менен чегин аткаргандыгынын негизинде көк бөрү боюнча "Кыргыз Республикасынын Эл аралык класстагы спорт чебери" деген наамы менен I, II, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланат", — деп айтылат билдирүүдө.

sputnik