Адис сүттүн организмге тийгизген зыяны тууралуу айтты

28 октября 2021 Адис сүттүн организмге тийгизген зыяны тууралуу айтты

Пластикалык хирург Лия Гавашели организм лактозаны көтөрө албаган учурда сүттү колдонуу теринин эрте картаюусуна алып келерин айтты, деп билдирет РИА Новости.

Гавашелинин айтымында, көптөгөн адамдар организмдин лактозаны сиңире албай калуу көйгөйүнө туш болушат.

"Планетадагы көптөгөн адамдар лактозаны көтөрө албагандыгынан жапа чегишет. Алардын басымдуу бөлүгүнө бала кезинде эле диагноз коюлган. Диагнозу - диарея, ичтин оорушу, ар кандай сүт азыктарын жегенден кийин метеоризм сыяктуу белгилер болот", - дейт Гавашели.

Ошондой эле, ал кээ бир адамдар сүттү көп колдонсо, терисинин картаюусуна алып келерин айтты.

«Сүт көп ичкен адамдарда үстүнкү кабактын шишиши, көздүн астындагы пигментация жана безеткинин чыгышы сыяктуу көйгөйлөр диетологдордун көңүлүн буруп келген», - дейт дарыгер.

Пластикалык хирургдар сүттү жакшы көргөндөр ашыкча салмактан да кыйналарын айтышат.