Министрлик кафеде тамакка уулангандар эмнеге көбөйүп жатканын түшүндүрдү

27 октября 2021 Министрлик кафеде тамакка уулангандар эмнеге көбөйүп жатканын түшүндүрдү

Уулануу 23-октябрда эле катталганы менен жабыркагандардын саны улам өсүүдө. Sputnik агенттиги бул сан эмнеге кафе жабык болсо деле өсүп жатканын сурады.

Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин тамагына уулангандардын саны жабыркагандар убагында медициналык жардамга кайрылбагандыктан өсүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

27-октябрга карата тамакка уулангандардын саны 253кө жеткени айтылган. Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү үчүн "Империя пиццы" кафесинин бардык филиалдары эки күн мурда эле жабылган болчу.

"Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун маалыматы боюнча, жабыркагандардын көбү анамнез (медкароо тууралуу маалымат) чогултуп жатканда 23-24-октябрь күндөрү ошол кафеден тамак жегенин айтышкан. Дал ушул күнү уулануу учуру катталган. Бирок бул адамдар үйдөн эле дарыланып, абалы оорлошкондо гана ооруканага кайрылышкан", — деди министрликтин өкүлдөрү.

Эске салсак, 24-октябрда тамакка ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган. Санэпидкөзөмөл уулангандар Бишкектеги "Империя пиццы" кафесинин төрт филиалынан суши-ролл жегенин кабарлаган. 25-октябрь күнү уулангандардын саны 85ке жеткен. Ал эми кечээ, 26-октябрда, жабыркагандардын саны 179 болду. Алардын 18и балдар.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлиги 25-октябрдан тарта ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны боюнча маалыматтарды берип жатат. Бирок пресс-релизде жабыркагандар кайсы жерден жана кандайча ууланганы так көрсөтүлгөн эмес. Болгону "Бишкектеги массалык уулануу" деп жазылган.

Ал арада Кыргызстанда тамак-аш саткан объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий жокко чыгарылды.

Кафенин филиалдарынын администрациясына жалпы суммасы 30,5 миң сомдук беш протокол түзүлгөн.

sputnik