Айып пул төлөбөгөн айдоочуларга жаңы жаза сунушталууда

27 октября 2021 Айып пул төлөбөгөн айдоочуларга жаңы жаза сунушталууда

2019-жылга чейин айдоочу эреже бузган учурда айдоочулук күбөлүгү алынып, убактылуу күбөлүк берилчү. Бирок 30 күн ичинде өзүнүкүн алуу үчүн айып пулду төлөп берүүгө аргасыз болчу.

ИИМдин алдындагы Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пул төлөө шарттарын аткарбаган айдоочулардын автоунаасын айып короого камоо боюнча Бузуулар кодексине өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи. Бул тууралуу ЖКККББнын начальнигинин орун басары Манас Сыдыгалиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин борборундагы брифингде айтты.

Маалыматка караганда, буга чейин айып пулду натыйжалуу төлөтүп алуу механизми гана иштечү.

"2019-жылга чейин айдоочу эреже бузган учурда айдоочулук күбөлүгү алынып, убактылуу күбөлүк берилчү. Бирок 30 күн ичинде өзүнүкүн алуу үчүн айып пулду төлөп берүүгө аргасыз эле", — деди Сыдыгалиев.

Бирок андан кийин Бузуулар тууралуу жаңы кодекске ылайык, бул практика токтотулган.

"Азыр айдоочу эреже бузса, биз протокол түзүп, колуна беребиз. Айрымдары ошол жерден эле протоколду таштап койгон учурлар болот. Демек, айып төлөтүп алуу ыкмаларыбыз майнапсыз. Андыктан биз карызы бар айдоочунун автоунаасын айып короого киргизүүнү сунуштап жатабыз", — деди орун басар.

Жаңы демилгеге ылайык, айдоочу айып пулду төлөгөндөн кийин гана машинасын чыгарып кете алат.

sputnik