Чүйдө бакты сүзгөн унаадагы эки адам мүрт кетти. Окуя болгон жерден сүрөт

27 октября 2021 Чүйдө бакты сүзгөн унаадагы эки адам мүрт кетти. Окуя болгон жерден сүрөт

Чүй облусунун аймагындагы эки адамдын өмүрүн алган жол кырсыктын келип чыгышына айдоочунун рулга ээ боло албай калышы себеп болгон. Унаа жолдон чыгып, бакты сүзгөн.

Чүй облусундагы Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 65-чакырымында болгон жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып бакты сүзгөн.

© ФОТО / ПРЕСС-СЛУЖБА МЧС

Mercedes Benz C 180 үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып бакты сүзгөн

Кырсыктын кесепетинен бир аял жана бир эркек каза болуп, дагы бир киши жабыркаган. Куткаруучулар набыт болгондордун сөөгүн милицияга өткөрүп беришкен.

Ал эми жабыркаган жаран менчик унаа менен Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.

sputnik