Жапаров: жаңы схема беш айда 746 млрд. сом көмүскөгө кетип жатканын аныктады

27 октября 2021 Жапаров: жаңы схема беш айда 746 млрд. сом көмүскөгө кетип жатканын аныктады

Депутат өлкөдө көмүскө экономика расмий түрдө 26 пайызды түзөрүн, расмий эмес маалымат боюнча 40 пайыздан ашарын айтты.

Кыргызстанда электрондук эсеп-фактурасы киргизилгенден кийин беш айда 746 миллиард сом көмүскөгө кетери аныкталды. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Депутат Мирлан Жээнчороев көмүскө экономика расмий түрдө 26 пайызды, расмий эмес маалымат боюнча 40 пайыздан ашарын айтты.

"Бул жерде 2-3 миллиард доллар жөнүндө сөз болууда. Эгер сиздердин планыңар ишке аша турган болсо бюджетке канча салык түшөт? Көмүскөдөгү 26 пайызды ачыкка чыгара аласыздарбы?", — деп сурады депутат.

Жапаров бул багытта 1-июлдан тарта электрондук эсеп-фактурасын киргизилгенин билдирди.

"Андан соң биз мурда көрбөгөн экономиканы көрө баштадык. Төрт-беш айда акча жүгүртүү 1 триллион 222 миллиард сомду түздү. Анын ичинен 746 миллиард сому патентке бөлүнөт экен, башкача айтканда, көмүскө жакка кетет. Эгер жаңы Салык кодексин кабыл алсак, электрондук эсеп-фактурасын, контролдук-кассалык машианаларды иштетип турсак, кошумча 50 миллиард сомдон түшүүнү камсыздап берет", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Ошондой эле ал мындан ары туура эмес схемалардан баш тартып, баарын ачык-айкын жасай турганын белгиледи.

sputnik