Бүгүн Кыргызстан Оман менен ойнойт. Командага Алимардон Шукуров кошулду

27 октября 2021 Бүгүн Кыргызстан Оман менен ойнойт. Командага Алимардон Шукуров кошулду

Олимпиадалык команда толукталып, кечээ Хаур-Факкан шаарында алдыдагы оюнга даярдык көрүшкөн. Машыгууга Шукуровдун да катышканы айтылды.

Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын (U-23) сабына беларустун "Неман" клубунда ойногон Алимардон Шукуров келип кошулду. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзу Instagram баракчасына жазды.

Курама команда бүгүн Азия кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Оман менен беттешет.

Олимпиадалык команда толукталып, кечээ Хаур-Факкан шаарында алдыдагы оюнга даярдык көрүп, Шукуров машыгууга катышкан.

Кыргызстан — Оман командаларынын беттеши Бишкек убактысы боюнча 18:50дө башталат.

Эскерте кетсек, Кыргызстан тандоо этабында Е тайпасына Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ), Оман жана Индия командалары менен таймашат.

24-октябрда ата мекендик команда оюндар өтүп жаткан талаа ээси БАЭ командасын 2:1 эсебинде утуп алган.

Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду ээлеген мыкты көрсөткүчү бар төрт команда чыгат.

Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.

sputnik