COVID: үч адам каза таап, 124 киши жуктурду. Соңку статистика

27 октября 2021 COVID: үч адам каза таап, 124 киши жуктурду. Соңку статистика

Коронавирус Ош шаары, Ош жана Нарын облустарында катталбагандыгын айтышты. Анткен менен вирустук инфекцияга кабылгандардын саны күн санап өсүп жатат.

Өткөн суткада Кыргызстанда 124 кишиден коронавирус аныкталып, үч бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ал эми 106 адам оорудан айыгып чыккан.

Жуктургандар:

Бишкек – 65;

Чүй облусу – 28;

Талас облусу - 4;

Ысык-Көл облусу – 13;

Жалал-Абад облусу – 10;

Баткен облусу – 4.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 180 865ке чамалап барды. Анын ичинен 175 302 адам айыккан.

"Бир суткада эмделбегендер арасында үч бейтап көз жумду", — деп жазылган Республикалык штабдын маалыматында.

Соңку суткадагы сандарды кошкондо пандемия башталгандан тарта өлкөдө жалпысынан 2 661 бейтап өмүрү менен кош айтышты.

Бүгүнкү күндө стационарда 688, ал эми амбулатордук шартта 692 адам дарыланып жатат.

sputnik