Окумуштуулар: кофе мээнин картаюусун алдын алат

14 декабря 2018 Окумуштуулар: кофе мээнин картаюусун алдын алат

Келемиштерге жасалган эксперимент оң натыйжа берген.

 АКШнын Ратгерс университетинин окумуштуулары кофеде кофеинден сырткары дагы башка зат бар экенин аныктап, ал мээнин картаюусун жана Паркинсон оорусунун алдын ала турганын табышты. Бул тууралуу MedicalXpress басылмасы жазды.

Ага ылайык, кофенин курамында эйкозаноид-5-гидрокситриптамин (ЕНТ) заты бар. Келемиштерге жасалган экспериментте аталган зат мээде белоктордун топтолуусун алдын алары ачыкталган. Башкача айтканда, мээдеги нейродегенеративдик оорулардын өрчүшүнө тоскоолдук жараткан.

Буга чейин окумуштуулар такай кофе ичүүнүн дагы башка пайдалуу жактарын айткан болчу. 



Дагы: sputnik.kg, ФОТО - © REUTERS / Kai Pfaffenbach / File Photo