Карыз өндүрүүгө келген сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап... Казакстандагы видео

27 октября 2021 Карыз өндүрүүгө келген сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап... Казакстандагы видео

Кеп 21 ирет административдик айыпка жыгылган жаран тууралуу болуп жатат. Ал жалпысынан айып пул катары 302 176 теңге (710 доллар) жана банкка 358 728 теңге (842 доллар) карыз болгондуктан сот "ВАЗ 2115" үлгүсүндөгү автоунаасын алуу чечимин чыгарган.

Казакстандын Нур-Султан шаарынын тургуну сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап, кол салууга аракет кылды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

ВИДЕО

Кеп 21 ирет административдик айыпка жыгылган жаран тууралуу болуп жатат. Ал жалпысынан айып пул катары 302 176 теңге (710 доллар) жана банкка 358 728 теңге (842 доллар) карыз болгондуктан сот "ВАЗ 2115" үлгүсүндөгү автоунаасын алуу чечимин чыгарган. Ал бир жылдан бери качып жүргөн.

"Сот аткаруучу өкүмдү ишке ашыруу үчүн полиция кызматкерлери менен келгенде карызы бар киши жаалданып, үйүнөн темир балта көтөрүп чыккан. Полиция аны көздөй көздү ачыштырчу каражат чачып, ошондон кийин гана балтаны колунан алышкан. Кийин аны полиция участогуна жеткиришти", — деп айтылат кабарда.

Бул Казакстанда жарандар сот аткаруучуга кол салган алгачкы окуя эмес. Буга чейин каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү кечки саат алтылар чамасында Алматы шаарында болгон. Акбулак кичи районунда жашаган тургунду соттун чечимин аткаруу үчүн үйүнөн чыгарганы келген сот аткаруучуларды үй ээси атып салган. Жеринде эки полиция кызматкери, бир сот аткаруучу жана эки жөнөкөй жаран каза болгон. Кийин өлгөндөрдүн бири үйдү банктан сатып алган киши экени аныкталган.


sputnik