Темир айым! Олимпиада чемпиону Роман Власов Айсулуу Тыныбековага суктанды

26 октября 2021 Темир айым! Олимпиада чемпиону Роман Власов Айсулуу Тыныбековага суктанды

Грек-рим күрөшүнөн Россиянын капитаны өзүнүн Instagram баракчасына Айсулуу менен түшкөн сүрөтүн коюп, аны "Кыргызстандын сыймыгы!" деп атаган.

Грек-рим күрөшүнөн Олимпиаданын эки жолку, дүйнөнүн үч жолку чемпиону Роман Власов кыргыздын балбан кызы Айсулуу Тыныбековага алкоо айтты. Россия курама командасынын капитаны өзүнүн Instagram баракчасына Айсулуу менен түшкөн сүрөтүн коюп, аны "Кыргызстандын сыймыгы" деп атаган.

"Кыргызстандын күрөш тарыхында алгачкы жана жападан жалгыз дүйнө чемпиону. Темир айым!" — деп сүрөттүн астына билдирүү калтырган.

Өз кезегинде Айсулуу анын постуна "Сиз ар дайым бир үчүн үлгүсүз" деп жооп кайтарган.

Айсулуу Тыныбекова быйыл Токио Олимпиадасында күмүш байге уткан. Ал эми октябрь айынын башында Норвегиянын Осло шаарында өткөн дүйнө биринчилигин жеңип, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду. Буга чейин 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн мелдеште биринчиликти ээлеп, Кыргызстандын тарыхында дүйнө чемпионатынын алгачкы алтын медалын алып келген.

Власов буга чейин кыргызстандык грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбековдун социалдык баракчасындагы постуна билдирүү жазган болчу.

sputnik