Бажы кызматынын бардык жетекчилери алмашты. Жаңы келгендер

26 октября 2021 Бажы кызматынын бардык жетекчилери алмашты. Жаңы келгендер

Мамлекеттик бажы кызматынын бардык жетекчилери алмашканы белгилүү болду. Мекеменин жаңы жетекчилерин министрлер кабинетинин төрагасы жамаатка тааныштырды.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагалыгына Адилет Кубанычбеков дайындалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле Бажы кызматынын төрагасынын эки орун басары дагы кызматтан алынып, Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков төраганын жаңы орун басары болуп дайындалды.

Бүгүн, 26-октябрда, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жаңы кызматка дайындалган жетекчилерди жамаатка тааныштырганы айтылды.

Мамлекеттик бажы кызматын июнь айынан бери жетектеп келген Самат Исабеков жана анын орун басарлары Кубанычбек Шатемиров, Кыялбек Мукашев эмне себептен кызматтан алынганы айтылган жок.

sputnik