Министрлик мектептеги доскада жазылган "ката" боюнча түшүндүрмө берди

26 октября 2021 Министрлик мектептеги доскада жазылган "ката" боюнча түшүндүрмө берди

Адатта мындай тапшырмалар балдардын көңүлүн буруу, теманы өздөштүрүүдөгү мүчүлүштүктөрдү табуу жана көрүү сезимин өнүктүрүү үчүн колдонулары белгиленди.

Мыкан айылында ачылган мектептин доскасына жазылган "мак" жана "мяк" сөздөрү "Катасын тап" оюнуна байланыштуу жазылган. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Эске салсак, 25-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мыкан айылында мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болгон. Ага мамлекет башчы Садыр Жапаров, билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев катышкан.

Иш-чаранын алкагында алар мектептин башталгыч классынын сабагына катышкан. Сабак учурунда тартылган сүрөттөн доскада "мак" жана "мяк" деген сөздөр жазылганын көрүүгө болот. Дал ушул жазуулар социалдык желелердин колдонуучуларынын назарын бурду. Талкууланып жаткан доскадагы жазуулар боюнча министрлик төмөнкүлөрдү билдирди.

"Марал Жайчибекова Мыкан айылындагы Берлыбеков атындагы орто мектепте үч жылдан бери иштеп жатат. Башталгыч класстардын мугалими катары ал өзүн жакшы жагынан көрсөттү. Анын методикасында окуучулардын көңүлүн бурууга карата тапшырмалар көп колдонулат. Сабакта да ал иштелип чыккан методиканы колдонгон. Бул атайын пландалган педагогикалык кырдаал болчу. Окуучулар сабакта "мак" жана "мяч" деген сөздөргө тыбыш-тамгалык талдоо жүргүзүшкөн. Сөздөгү катаны балдар өздөрү табышы керек болчу", — деп айтылат маалыматта.

Адатта мындай тапшырмалар балдардын көңүлүн буруу, теманы өздөштүрүүдөгү мүчүлүштүктөрдү табуу жана көрүү сезимин өнүктүрүү үчүн колдонулат. Мындай көнүгүүлөр орфографиялык сергектикти өнүктүрүүгө да таасирин тийгизет.

Министрлик маселенин чоо-жайын териштирбей туруп жаш педагогду сындоо кадыр-барк алып келбей турганын белгиледи.

sputnik