Балдар көчөдө өлүп жатат. Кышында Афганистанда ачарчылык болору божомолдонууда

26 октября 2021 Балдар көчөдө өлүп жатат. Кышында Афганистанда ачарчылык болору божомолдонууда

Бириккен Улуттар Уюму Афганистанда азыртадан эле 22,8 миллион киши тамак-ашка жетпей жатканын айтууда.

Чукул аракеттер көрүлбөсө, келе жаткан кышта миллиондогон афган эли ачарчылыкка кептелет. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу боюнча программасынын божомолуна таянып ВВС жазды.

"Ушул тапта Афганистан ири гуманитардык кризиске учурады. БУУнун эсеби боюнча азыртадан эле 22,8 миллион киши тамак-ашка жетпей, беш жашка чейинки курактагы 3,2 миллион бала ачка калууда", — деди аталган программанын директору Дэвид Бизли.

Ал эми ВВС жергиликтүү ЖМКларга таянып, Афганистанда эмитен эле балдар ачкачылыктан каза болуп жатканын жазды. Тагыраагы, "Хашт-е-Собх" гезити ата-энесиз калган үчтөн 11 жашка чейинки сегиз бала Кабулдагы райондордун биринде көчөдө көз жумганын кабарлаган.

Эске салсак, август айында америкалыктар аскерлерин өлкөдөн чыгарууну айткандан кийин "Талибан"* кыймылы активдешип, кийин өлкөнү каратып алган. Бул нерсе Афганистанда гуманитардык, экономикалык жана саясий кризисти жаратты.

* — Кыргызстан, Россия жана башка бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган уюм

sputnik