"Империя пиццы" кафесине канча айып пул салынганы айтылды

26 октября 2021 "Империя пиццы" кафесине канча айып пул салынганы айтылды

Санитардык дарыгер Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору уулануу боюнча маалыматты милицияга өткөрүп бергенин айтып, мындан ары ишти укук коргоо органдары алып кетерин белгиледи.

 "Империя пиццы" кафесиндеги тамакка массалык уулануу фактысы боюнча аталган жайдын администрациясына айып пул чегерилип, беш протокол түзүлдү. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова  билдирди.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова

"Анализдердин соңку жыйынтыгы чыкканга чейин "Империя пиццы" тамактануу жайынын 16 кафеси тең жабылды. Бузуулар кодексине ылайык, кафенин администрациясына карата 7500, 5 000 жана 3 000 сомго беш протокол түзүлдү", — деди Есенгулова.

Санитардык дарыгер Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору уулануу боюнча маалыматты милицияга өткөрүп бергенин айтып, мындан ары ишти укук коргоо органдары алып кетерин белгиледи.

Ал эки жыл мурда "Ала-Тоо" ресторанында 180 адам тамакка ууланганын айтып, ага карата кылмыш иши козголгонун эске салды.

sputnik