Тамакка ууланып кайрылгандардын ичинен 18и балдар экени айтылды. Алардын 12си учурда ооруканада.
Бишкектеги кафеден ролл жеп ууланып ооруканага кайрылган адамдардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Маалымат бүгүн, 26-октябрь, саат 11:00гө карата алынган. Билдирмеге караганда, статистикага Чүй облусу да кошулган. Тамакка ууланып кайрылган 179 адамдын 18и балдар.
Ууланып ооруканада дарыланып жаткандар:
Темир жол ооруканасы — 13;
3-шаардык клиникалык балдар ооруканасы — 12;
Улуттук госпиталь — 24;
Ысык-Атадагы жалпы дарыгердик практика борбору — 1.
Калганы медициналык жардам алган соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн.
Эске салсак, 24-октябрда "Империя пиццы" кафесинин тамагына ууланып 12 адам Темир жол ооруканасынын жугуштуу илдеттер бөлүмүнө түшкөн. Анын үчөө жаш бала. Бейтаптар ооруканага 23-24-октябрь күндөрү келе баштаган.