Ал Ташкенттеги ооруканалардын биринде дарыланып жаткан.
Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти Обид Асомов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 55 жаштагы Асомов 14-декабрда Ташкенттеги ооруканалардын биринде инфаркттан улам көз жумган.
Буга чейин айрым ЖМКлар ал жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгын жазып чыгышкан. Бирок артисттин администратору анын ден соолугу жакшы экендигин билдирген.
Обид Асомов 1963-жылы 22-октябрда Ташкент шаарында төрөлгөн. Ал чыгармачылык жолунда жеке өзүнүн "Обид-А" аталышындагы театрын ачып, 2000-жылдардын соңунда россиялык "Кривое зеркало" телешоусуна катыша баштаган.
Ошондой эле ал ушул жылдын май айында "Мультипликациялык фильмдердин студиясы" мамлекеттик-унитардык ишканасынын директору болуп дайындалган.
Дагы: sputnik.kg, фото -© Фото / международный пресс-клуб