Ажырашкандан корком... Төрөй албай жүргөн келиндин арманы

25 октября 2021 Ажырашкандан корком... Төрөй албай жүргөн келиндин арманы

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына балалуу боло албай, жолдошу менен ажырашуудан корккон келин кат жазган.

Саламатсыздарбы, мен да көйгөйүмдү айтып сиздерге кат жазып көрүүнү чечтим. Турмушка чыкканыма он жылдан ашты. Баары жетиштүү. Бишкекте жакшынакай үйүбүз, машинабыз жана жолдошум экөөбүздүн жеке бизнесибиз бар. Кыскасы, материалдык жактан көйгөйүбүз жок. Ушул кезге чейин мамилебиз да сонун. Экөөбүз тең бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Күйөөм да келишимдүү жигит.

Бирок такыр бала жытын жыттай албай койдук. Биздин эң чоң арманыбыз ушул. Он жылга чейин ойноп-күлүп эле "бүгүн болбосо эртең болор" деп келгенбиз. Азыр баш кошконубузга 13 жылдын жүзү болду. Жашыбыз да 35ке келип калды. Кайнене, кайнежемдер да бетиме айта албаганы менен оңтою келген жерден эле жолдошумду кысмакка алып киришкенин байкап жүрөм. Алар да бир тууганына кыжалат болуп жатышат. Кайненеме да оңой эмес. Мен үчүн мунун баары азап болду.

Күйөөм ушуга чейин жакындарынын сөзүнө моюн бербей, бир сөз менен эле эжелеринин оозун жаап койчу. Бирок азыр анын да сөзү кыска болуп бара жаткандай. Кебелбегени менен ал да ичинен санаа тартканын байкайм. Байкушум мени аяп билгизбейт.

Айылдагы кайнимдин төрт баласы бар. Аларды көргөндө күйөөм эзилип эркелетет. Каалаганын алып берип, тимеле көздөрү жайнайт. Аны көрүп күнөөлүүдөй жаман болом. Акыркы кезде ичимден өзүмдү өзүм жеп жашап калдым. Бирок жолдошум бир да жолу "сен төрөбөйсүң" деп айткан жок. Дарыгерлер суук тийген дешет. Канча жылдан бери дарыланып барбаган жерим да калган жок. Бир-эки жолу боюма бүтүп, бирок ал сүйүнүчүбүз да көпкө узабады.

Эми азыр жолдошума уруксат берип эле ажырашып кетүүнү ойлонуп жатам. Бирок кантип? Мен да жолдошумду жакшы көрөм. "Бала багып алалы" десем, бирөөнүн наристесине мээрим төгө албай калсакчы деп коркобуз. Чынын айтсам ажырашуудан корком...

Гүлнара Жасоолова, психолог

— Үй-бүлөнүн маңызы балада экени жана аны тарбиялап өстүрүп, коомго кошуу ата-эненин милдетине кирери анык. Бирок жашоодо ар кандай учурлар болот. Жубайлардын балалуу боло албай жатышы, албетте, көйгөйлүү маселе. Мында бир гана аялзаты эмес, эркек киши да ден соолугун карашы керек.

Сиздерде наристелүү боло албай жатканыңыздардын негизги түйүнү медициналык жактан окшойт. Боюңузда болуп, кайра түшүп калып жатканын жазыпсыз. Демек, жакшылап дарылансаңыздар эле баары сонун болот го деп ойлойм. Азыр балалуу болуунун жасалма уруктандыруу ыкмалары да өнүккөн. Ошондой эле бала багып алууга мамлекеттик деңгээлдеги программалар ишке кирген. Бул жагын да байкаңыз. Эгер бала багууга психологиялык жактан даяр эмес болуп жатсаңыз, ага да көп убакыт керектигин айткым келет. Мүмкүн психолог менен иштешерсиз.

Күйөөңүз кайниңиздин балдарын эзилип эркелетерин жазыптырсыз. Бул турган иш да. Анткени бардык адамдар баланы жакшы көрөт, тукум улагысы келет. Муну өзүңүзгө жакын албаңыз.

Албетте, арадан 13 жыл убакыт өтүп кетиптир, бирок 35 жаш балалуу болууга али кеч эмес. "Болду, балалуу болбой калдык, ажырашабыз го" деген ойду мээңизден алып салыңыз. Эч качан өзүңүздү таштабашыңыз керек. Мында ар кандай негатив ойлор жарала берип, адам психосоматикага дуушар болот. Анан утурумдук эле жашап жаткансып, эртең ажырашчудай сезим боло берет. Ушундан улам да ортодо түшүнбөстүктөр жаралат. Ошол себептен ойду жана аң-сезимди туура жолго багыттап алып, анан мыкты дарыгерлерге жакшылап көрүнгүлө деген кеңеш берем.

sputnik