Айгүл Жапарова кайрымдуулукка берген жарым миллион сомду кайдан алганы айтылды

25 октября 2021 Айгүл Жапарова кайрымдуулукка берген жарым миллион сомду кайдан алганы айтылды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров балдардын реабилитациялык борборуна акчаны бир туугандары чогултуп бергенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров канайым Айгүл Жапарованын "Алтын балалык" реабилитациялык борборуна берген 500 миң сому тууралуу маалымат жыйын учурунда айтты.

Журналисттер ал каражат кайдан алынганына кызыгышты.

"Бул сумманы бир туугандарым, Жапаровдор чогултуп берген. Айгүл Жапарова сөзгө чоркоктук кылдыбы, сүрдөдүбү, айтор, салып эле кетип калыптыр. Министрге мен ага чейин айткам, маалымат берип коюшу керек эле. Биз 11 бир тууганбыз. Алардын бири каза болуп калган. Баарыбыз 50 миңден чогултуп, конвертке салганбыз. Баарыбыз барбайлы деп Айгүл Жапарова гана алып кеткен", — деди президент.

sputnik