Кызынын турмушка чыкканына жинденген ата бүтүндөй үй-бүлөсүн өрттөп жиберди

25 октября 2021 Кызынын турмушка чыкканына жинденген ата бүтүндөй үй-бүлөсүн өрттөп жиберди

Пакистанда нике кыюуга байланыштуу үрөй учурган кылмыш иши болду. Манзур Хусейн аттуу адам эки кызы жана төрт небереси жашаган үйдү өрттөп жиберген.

CNN телеканалынын маалыматы боюнча, Фаузия аттуу кыз атасынын эркине каршы турмушка чыккан. Каргашалуу окуя Пенжаб провинциясынын Музаффаргарх районунда болгон.

Өрттөнгөн үйдө анын Фаузия деген кызы 4 айлык уулу менен, Биби деген кызы күйөөсү жана 2, 6, 13 жаштагы үч баласы менен болгон.

Атасынын эркине каршы турмушка чыккан кыздын күйөөсү үй өрттөнгөндө жумушта болгон. Учурда полиция үйдү өрттөгөн Манзура Хусейнди издеп жатат.

Пакистанда калктын көпчүлүгү катуу патриархалдык исламдык канондор менен исламды карманышат. Пакистандын адам укуктары боюнча комиссиясы жыл сайын өлкөдө жүздөгөн аялдар ата-энелеринин эркине каршы турмушка чыккандыгы үчүн өлтүрүлөрүн билдирген.