Сүлөөсүнгө жем болгон суур, элеңдеген коен, энесин ээрчиген мамалактар

14 декабря 2018

Фотокапкан жырткыч жаныбарлар өткөн жолго орнотулган.

Facebook социалдык тармагындагы Snow Leopard Foundation in Kyrgyzstan аттуу баракчага Ысык-Көлдөгү Сарычат-Эрташ коругундагы фотокапканга топтолгон кадрлар жарыяланды.

Фотокапкан жырткыч жаныбарлар көп өткөн жолго орнотулган, кадрга карышкыр, коен, суур, мамалактарын ээрчиткен аюу жана сүлөөсүн түшүп калган.

Объективге эки суурга кол салган сүлөөсүн да тартылып калган, суурлардын бири качып кете албай, анын курмандыгы болгон.

https: sputnik.kg, сурот интернеттен алынды