Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрөт

22 октября 2021 Садыр Жапаров журналисттерге маалымат жыйын өткөрөт

Президент өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берери айтылды.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандык жана чет өлкөлүк журналисттерге ири маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, иш-чара 23-октябрда болот.

"Анда президент өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берип, ЖМК өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берет", — деп айтылат билдирмеде.

Маалымат жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын, ошондой эле социалдык түйүндөрдүн баракчаларында түз эфирде чагылдырыла турганы айтылды.

sputnik