Нурсултан Назарбаев кыргыздардан эмне белек алганын айтты

22 октября 2021 Нурсултан Назарбаев кыргыздардан эмне белек алганын айтты

Назарбаев мурдагы совет мамлекеттери белек беришүүнү жакшы көрөрүн айткан. Ошол эле учурда батыш өлкөлөрүндө мындай адат өөн учурай турганын белгилеген.

Казакстандын алгачкы президенти Нурсултан Назарбаев "Штрихи к портрету. Откровение" даректүү тасмасында кесиптештери берген эсте калган белектер тууралуу айтып берди.

Видеону Елбасынын маалымат кызматынын YouTube каналы чыгарды.

"Батышта белек беришпейт. Мен аны билбей Клинтонго (Билл Клинтон — АКШнын мурдагы президенти) анын сүрөтү түшүрүлгөн килем алып баргам. Дубалга илет го дегем, кабыл алуучу жайына барсам жерге салып коюшуптур. Биз андайга жол бермек эмеспиз да. Совет маалындагы мамлекеттер белек бергенди жакшы көрүшөт. Мисалы, Бердымухамедов (Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов) ахалтекин атын, өзбектер кийим менен буюмдарды, кыргыздар дагы аргымак тартуулашат", — деген Назарбаев.

Ал ошондой эле казак эли да башка кесиптештерине жаккан белек бергенге аракет кыларын кошумчалаган.

sputnik