Коронавирус 125 кишиден табылып, 4 киши көз жумду. Соңку статистика

22 октября 2021 Коронавирус 125 кишиден табылып, 4 киши көз жумду. Соңку статистика

Илдет илештиргендердин саны күн санап өсүп жатканы байкалууда. Азыркы тапта 639 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.

Өткөн суткада Кыргызстанда 125 кишиден коронавирус аныкталып, 59 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек – 58;

Ош шаары – 3;

Чүй облусу – 36;

Ош облусу – 5;

Талас облусу – 2;

Нарын облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 12;

Жалал-Абад облусу – 4;

Баткен облусу – 4.

Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 180 348ге жетти. Анын ичинен 174 934 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, бир сутка ичинде төрт бейтап коронавирустун курмандыгы болгон. Аларды кошкондо оору 2 647 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта стационарда 639, ал эми амбулатордук шартта 622 адам дарыланып жатканы айтылды.

sputnik