Окумуштуулар өлүмдүн жыты кандай болорун аныкташты

22 октября 2021 Окумуштуулар өлүмдүн жыты кандай болорун аныкташты

Британ окумуштуулары изилдөө жүргүзүшүп, адам өлүм алдында путресцин жытын сезерин айтышты.

Изилдөө Кент университетинин психология мектебинде жүргүзүлгөн. Катышуучуларга путресцинди, аммиакты жана сууну жыттоо көрсөтмөсү берилген. Натыйжада, катышуучулар биринчи жытты мурда эч качан жыттап көрбөсө да, биринчи жыт коркунучтуу экени белгилүү болот. Илимпоздор муну адамдын денеси өлөр алдында ар кандай жыттарды бөлүшү менен түшүндүрүшөт. Мындай жыттардын арасында путресцин да бар.

Мындан тышкары, көпчүлүгү "өлүмдүн жытын" чөптүн жытына окшоштурушат. Анткени, адамда өлүм алдында ойгонуучу байыркы рецептор бар. Бул рецептор өлүмдөн бир жыл мурун ойгонушу мүмкүн деген да пикирлер айтылат.

Окумуштуулардын айтымында, "өлүмдүн жытын” сезген адам саналуу убакытта өзгөрө баштайт. Бирок, алар "өлүмдүн жыты" анын жакында өлөрүн билдирбейт дешет. Бул эскертүү катары болушу мүмкүн. Башкача айтканда, өлүмгө алып келген себептер бар экенин билдирип, анын алдын алууга мүмкүндүк берет.