Чөнтөк телефонду жутуп алган киши жарым жыл жүргөн

22 октября 2021 Чөнтөк телефонду жутуп алган киши жарым жыл жүргөн

Египеттин Асуан шаарынын тургуну уюлдук телефонду жутуп алган. Ал ашказаны ооруп жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылганын Daily Mirror басылмасы жазды.

Ал киши Асуан университетинин ооруканасынын дарыгерлерине ичи ооруп жатканын айтып даттанган. Экспертиза жана рентгендин натыйжасы анын ашказанында кидимки уюлдук телефон бар экенин аныктаган.

Бейтаптын айтымында, ал телефонду жарым жыл мурун жутуп алган. Ошондон бери ашказаны ооруп келген. Бирок, ал медициналык жардам сурагандан уялган. Эркек киши телефонду эмне үчүн жутуп алганын айтуудан баш тарткан. Ашказандагы телефон кыймылдоого жана тамак сиңирүүгө тоскоолдук кылып, ооруп баштаган.

Дарыгерлер анын ашказанындагы телефонду операция жолу менен алышкан.