Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды. Сүрөт

21 октября 2021 Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды. Сүрөт

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына күжүрмөн техника тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Cооттолгон 40 аскердик техника Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө үчүн мамлекет башчынын тапшырмасы боюнча сатып алынган.

Маалымат кызмат өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу жергиликтүү аймакка ылайыкталган жаңы аскердик техника ушунча санда толугу менен бюджеттик каражатка сатып алынганын билдирди.


sputnik