Ысык-Көлдө боксёрдук груша менен машыгып жаткан өспүрүм каза болду

21 октября 2021 Ысык-Көлдө боксёрдук груша менен машыгып жаткан өспүрүм каза болду

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өспүрүм бала боксёрдук грушаны ургулап жатып анын жибине асылып калган. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Окуя 20-октябрда Кабак айылында болгон.

Маалыматка ылайык, 12 жаштагы бала сарайда колго жасалган грушаны ургулап ойноп жатып, кокусунан жипке асылып калган.

Милиция кызматкерлерине кырсык тууралуу медиктер кабарлашкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө баланын киши колдуу болгонун көрсөткөн белгилер байкалган эмес.


sputnik