Мамлекет башчы учурда электр энергиясынын баасы арзан болгон үчүн сарамжал пайдаланылбай жатканын белгиледи.
2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде билдирди.
Мамлекет башчы учурда электр энергиясынын баасы арзан болгон үчүн сарамжал пайдаланылбай, эл кайдыгер мамиле жасап жатканын белгиледи. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир киловатты 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон 25 сомго чейин болгондо, башкача мамиле болмоктугун айтты.
"Ушуга байланыштуу облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте бюджеттик мекемелер тарабынан электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүлөрү зарыл. Ошондой эле бул багытта калк арасында да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдары энергетикалык кризистен чыгабыз деп турабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал энергетика министри элден "күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, "Токтогулдагы" суубузду сактап калалы" деп суранып жатканын эске салды.