I орун Алайга кетти. Садыр Жапаров мыкты айыл өкмөттөрдү сыйлады

21 октября 2021 I орун Алайга кетти. Садыр Жапаров мыкты айыл өкмөттөрдү сыйлады

Жергиликтүү бийлик органдарынын ишине дем берүү максатында "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагы уюштурулган.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон кеңешмеде өлкөнүн эң мыкты айыл өкмөттөрүн сыйлады.

Жергиликтүү бийлик органдарынын ишине дем берүү максатында "Эң мыкты айыл өкмөтү" сынагы уюштурулган.

Айыл өкмөттөр эки топко бөлүнүп тандалган. Биринчисине шарты ыңгайлуу айыл өкмөттөр, экинчиге шарты катаал айыл өкмөттөр кирет.

Биринчи топтун арасынан:

I орун — Ош облусундагы Алай районунун Гүлчө айыл өкмөтү, 1 500 000 сом;

II орун — Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш айыл өкмөтү, 1 000 000 сом;

III орун — Баткен облусундагы Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтү, 500 миң сом;

Экинчи топтун арасынан:

I-орун — Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтү, 1 500 000 сом;

II орун — Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Атай айыл өкмөтү, 1 000 000 сом;

III орун — Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтү, 500 000 сом.

Мындан сырткары, өлкөнү социалдык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн да бир катар жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери президенттин энчилүү сааты жана алкыш баракчасы менен сыйланды.

sputnik