U23: дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эки балбан кыз барат

21 октября 2021 U23: дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эки балбан кыз барат

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча U23 дүйнө биринчилиги 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.

Кыргызстандык балбан кыздар Айпери Медет кызы менен Назира Марсбек кызы 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө чемпионатына даярданууда. Машыктыруучулар штабы эки гана спортчуну алып барууну пландап жатканын башкы насаатчы Нурбек Изабеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Медет кызы буга чейин  маегинде аталган мелдешке даярданып жатканын айткан.

Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер) боюнча U23 дүйнө биринчилиги 1-ноябрдан 7-ноябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.

Медет кызы 76 килограмм, ал эми Марсбек кызы 57 килограмм салмакта күч сынашат.

sputnik