Балдардын канын ичкен кылмышкерди тургундар сабап өлтүрүштү

21 октября 2021 Балдардын канын ичкен кылмышкерди тургундар сабап өлтүрүштү

Кенияда издөөдө жүргөн кылмышкерди тургундар сабап өлтүрүштү. Кылмышкер мурда балдарды өлтүрүп, алардын канын ичкени үчүн камакка алынган, бирок качып кеткен, деп Washington Postго жазат.

20 жаштагы Мастен Ванжала 12 жана 13 жаштагы эки бала каза болгондон кийин камакка алынган. Тергөө учурунда ал беш жыл ичинде он чакты баланы өлтүргөнүн мойнуна алган. Ванжала өзүн футбол боюнча машыктыруучу катары тааныштырган. Ал курмандыгына баңгизат берип, анан өлтүрүп жүргөн. Ошондой эле кээ бирлеринин канын ичкенин да айткан.

Октябрь айында Ванжала Найробидеги полиция бөлүмүнөн качып кеткен. Үч күндөн кийин аны студенттер Найробиден 400 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Бунгома шаарында байкап калышкан. Муну уккан тургундар чогулуп, кылмышкерди уруп өлтүрүшкөн.

Найробиде Ванжала түрмөдөн качып кеткенден кийин кылмышкердин качып кетишине жардам берген деп айыпталган үч полиция кызматкери камакка алынды.