Кыргызстандык модель Египетте өтүп жаткан сулуулар сынагына катышууда. Сүрөттөр

21 октября 2021 Кыргызстандык модель Египетте өтүп жаткан сулуулар сынагына катышууда. Сүрөттөр

Конкурс 14-октябрда Шарм-эль-Шейхте (Египет) башталган. Финалы 29-октябрга белгиленди. 24 жаштагы модель эл аралык сынакка алгачкы ирет катышууда.

Кыргызстандык Разия Мансурова дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу беш сынактын бири болуп саналган Miss Interсontinental 2021 кароосуна катышат. Бул тууралуу сынактын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО РАЗИЕЙ МАНСУРОВОЙ

Кыргызстандык Разия Мансурова дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу беш сынактын бири болуп саналган Miss Interсontinental 2021 кароосуна катышат

Конкурс 14-октябрда Шарм-эль-Шейхте (Египет) башталган. Финалы 29-октябрга белгиленди.

24 жаштагы модель мындай эл аралык сынакка алгачкы ирет катышууда. Аны жай айларында “Кыргызстан сулуусу” улуттук сынагынын расмий сайтына жарыяланган кастинг аркылуу тандап алышкан.

© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО РАЗИЕЙ МАНСУРОВОЙ

24 жаштагы модель бул сыяктуу эл аралык сынакка алгачкы ирет катышууда

“Учурда сулуу кыздар фотосессияларга катышууда. Эмки жумада подиумга чыгып маек беришет”, — деп айтылат билдирүүдө.

Miss Interсontinental 2021 сынагынын жеңүүчүсү бриллиант таштуу таажы жана 50 миң долларга ээ болот.

© ФОТО / ПРЕДОСТАВЛЕНО РАЗИЕЙ МАНСУРОВОЙ

Miss Interсontinental 2021 сынагынын жеңүүчүсү бриллиант таштуу таажы жана 50 миң долларга ээ болот.

Сынакты 1971-жылдан бери Дүйнөлүк сулуулук агенттиги өткөрүп келет. 2016-жылы Кыргызстандын атынан Бегимай Карыбекова катышкан.

sputnik