Бийлик жети миллионунчу кыргызстандык качан төрөлө турганын айтты

20 октября 2021 Бийлик жети миллионунчу кыргызстандык качан төрөлө турганын айтты

2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук программада Борбор Азиянын аймагында демографиялык кысым байкалып, миграциялык процесстердин динамикасын шарттай турганы да айтылган.

Кыргызстандын жети миллионунчу тургуну 2025-жылдын аягында төрөлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бийлик кабыл алган 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук программада жазылган.

Маалым болгондой, анда демографиялык кырдаалга анализ жасалган.

"Кыргызстандын калкынын саны өсөт. 2025-жылдын аягында өлкөнүн жети миллионунчу тургуну жарык дүйнөгө келиши күтүлүүдө. Борбор Азиянын аймагында элдин саны көбөйүп, бул миграциялык процесстин динамикасын шарттайт", — деп жазылат программада.

Бишкек жана Ош, Жалал-Абад шаарларында жашоочулар көбөйүп жатканы белгиленип, мындай жагдай келечекте социалдык-экономикалык инфраструктурага, экологияга жана тамак-аш коопсуздугуна күч келтирерин көрсөтөт.

"Ишке жарамдуу жаштар аталган эки зонага топтолгондуктан өлкөдө жумушсуздук күч алып, ал 2030-жылы чегине жетет. Бул мезгилде жумуш рыногуна жылына 350 миңге чейин адам чыгып турат. Ошондой эле пенсияга чыккандардын саны жылына 20 миңге өсүп турат", — деп айтылат маалыматта.

Мунун баарын пенсия саясаты, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана социалдык кызматтар рыногунун алкагында эске алуу керектиги кошумчаланды.

sputnik